Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Автор

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык бүгүн, саат 11:27де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Өзгөн районунун Кушаб айылынан түндүк-батышка карай 3 чакырым, Мырза-Арык айылынан түндүк-батышка карай 7 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышка карай 15 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 31 чакырым жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жердин синкинүүсү Куршаб айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды

Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Барскон кичи ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 7,5 МВт, ал эми наркы 700 млн сомду түзөт. Жабдуулар Австриядан алып келинет. Долбоордун алкагында узундугу 5 чакырымга канал жана 300 чарчы метр аянттагы имарат курулат. Кубаттуулугу бир жылда 38 млн киловатт-саатты […]

Сизге жагышы мүмкүн