Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 23-августтан 25-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
“Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз”, – деп айтылат маалыматта
ӨКМ кандайдыр бир өзгөчө кырдаалга күбө болгондорду 112 кызматына билдирүүнү өтүнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуучулардын каникулдарынын мөөнөтү белгиленди

Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү буйругуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүндө жана менчик формалардагы мектептерде, 2024-2025-окуу жылы 2024-жылдын 2-сентябрында башталып, 2025-жылдын 26-майында аяктайт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди. Маалыматка ылайык, каникулду эсепке албаганда окуу жылынын узактыгы: 1-класста — 33 жума, 2-8, 10-класстарда — 34 жума жана 9, […]

Сизге жагышы мүмкүн