Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Анкара шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 9-ноябрь да башталган, 15-ноябрь күнү жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
Сырттан Сыргак уулу;
Марлис Дуулатбеков;
Адина Асеева;
Азиза Жамансартова;
Белек Абдрашитов;
Анарбек Жамакеев;
Гүлжамал Сарыкеева;
Айтурган Максатбек кызы;
Айзада Бактыбекова.
Курама команда башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратованын жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.