Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курама командасы Азия чемпионатында 19 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 14 коло) жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 4-12-август күндөрү Монголиянын Баян-Өлгей шаарында өттү.
Белгилей кетсек, мелдешке 10 мамлекеттин (Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Бангладеш, Кытай, Филиппин, Орусия Федерациясынын Алтай жана Саха Республикалары, Өзбекстан, Түркия, Туркмөнстан) 200гө жакын спортчусу катышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
1-орун:
– Бактыбекова Айзада – (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);
– Сейдахматов Баимбет – (классика 19 жаштар Бишкек шаары);
– Садырова Нургыз – (классика 14 жаш Ысык-Көл облусу).
2-орун
– Сазаев Кубан – (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);
– Закирова Айжан – (блиц 14 жаш Ош облусу).
3-орун
– Жамакеев Анарбек – (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);
– Шамбетова Алтынай – (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);
– Жамансартова Азиза – (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);
– Сагыналиева Гүлайым – (классика 19 жаш Бишкек шаары);
– Султашев Нурэл – (классика 14 жаш Ысык-Көл облусу);
– Рахманов Динислам – (классика 14 жаш Ош шаары);
– Жамакеев Анарбек – (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);
– Сыргак уулу Сырттан (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);
– Асейева Адина (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);
– Кудайбердиев Марсел (19 жаш Бишкек шаары);
– Султашов Ислам (блиц 19 жаш Ысык-Көл);
– Асанкулова Эркежан (блиц 19 жаш Бишкек шаары);
– Сманова Аэлита (блиц 19 жаш Чүй облусу);
– Жеӊишбеков Алмазбек (14 жаш Ош шаары).