Кыргызстандын тайбокс курамасы Дүйнө чемпиондугунда 5 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 5 медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт депеартаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен экөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло медаль.
Кыз-келиндер арасында Аделя Асылбек кызы (60 кг) жана Милана Шихшабекова (51 кг) алтын мелдалга ээ болушса, Орозбекова Махабат 67 кг чейинки салмакта 2-орунду ээлеген. Ошондой эле Шарипа Мунарбек кызы 45 кг чейинки салмак категориясында коло медалды утуп алган.
Ал эми эркектер арасында Ихтияр Каныметов 63,5 кг чейинки салмакта 3-орунга ээ болгон.
Эске салсак, аталган мелдеш 14-18-август күндөрү өтүп, ага курама команда башкы машыктыруучу Дильшат Даутовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 20-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 80 тыйын болсо, сатуу 86 сом 20 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 70 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн