Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарына 20 тез жардам унаасы берилди

Автор

Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти
Эски аянтта өткөн иш-чарада саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине тез жардам унааларынын ачкычтарын тапшырды.
Министр белгилегендей, Президенттик фонддон бөлүнгөн 20 тез жардам унаасы медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкчамдуулугун, калк үчүн, өзгөчө алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардын жашоочулары үчүн медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектептерде күзгү каникул 4-ноябрда башталат

Кыргызстанда мектептерде күзгү каникул 4-ноябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күзгү каникул 7 күнгө созулат. Мектеп окуучулары 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алат, сабактар 11-ноябрда башталмакчы. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн