Кыргызстандын пара дзюдо курамасы Астанада өткөн мелдеште 3 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешинде 3 медаль жеңди.Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен бирөө алтын, экөө коло медаль.
(1 алтын, 2 коло) жеңишти.
Кыз-келиндер арасында 46 кг Фердауза Убакирова өз салмагында Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ал эми Надежда Рак (60 кг) жана Улукбек Марсбек уулу (64 кг) коло медалга ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

60 жылдан кийин түрмөдөн акталып чыкты

Жапониянын полициясы 60 жыл түрмөдө жатып, акталып чыккан Ивао Хакамада атуу кишиден кечирим сурады. Окуя 1966-жылы болгон. Ивао Хакамада 4 кишинин өлүмүнө шектелип, 30 жашында камакка алынган. 1968-жылы соттун өкүмү чыгып, ал өлүм жазасына кесилген. Кийинчерээк жазасы өмүр бою камакка алмаштырылган. Ошол кездеги Жапон сотунун шектүү аракети дүйнө коомчулугунун талкуусуна […]

Сизге жагышы мүмкүн