Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган “Дүйнө Гран-При” Эл аралык мелдешине катышып жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти
Маалыматка ылайык, мелдеш 19-25-ноябрь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
52 кг Айбийке Сагыналиева;
46 кг Фердауза Убакирова, Аиша Белекова;
60 кг Надежда Рак, Руслан Сабыров, Каныбек Жапаров, Даниель Орозбеков;
64 кг Улук Марсбек уулу;
70 кг Маматибрагим Суранов;
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.