Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча курама командасынын мүчөлөрү Баку шаарында (Азербайджан) өтүп жаткан лицензиялык Дүйнө чемпионатына катышып жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 14-август күнү башталган, 1-сентябрга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси;
- Аскат Токмоков (СЧ);
- Бактыгул Махмадова (СЧ);
- Каныкей Кубанычбекова (СЧ);
- Имандос Бектенов (СЧТ);
- Арууке Талантбекова (СЧ).
Курама команда башкы машыктыруучу Забида Ырсалиевнын жетекчилиги алдында мелдешке катышып жатат.