Кыргызстандын мыкты футболчусу Кожо Жоэл Иран клубуна өттү

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Кожо Жоэл Ирандагы эң белгилүү клубдардын бири болгон “Эстеглал” клубунун оюнчусу болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, “Эстеглал” Иран футболунун жогорку дивизионунда ойнойт жана өлкөнүн 9 жолку чемпиону, ошондой эле Азия чемпиондор лигасын эки жолу жеңип алган.
26 жаштагы Кожо Жоэл буга чейин Өзбекстандын Самарканддын «Динамо» клубунда ойноп, өткөн сезондо 24 беттеш өткөрүп, 8 гол киргизген.

Футболчунун “Эстеглал” клубу менен жаңы келишими 2+1 системасы боюнча түзүлгөн, бул келишимди дагы бир жылга узартууга мүмкүнчүлүк берет. Кожо жаңы командасында 11-номер менен ойнойт.
Германиянын Transfermarkt интернет порталы Кожо Йоэлди 700 миң еврого баалайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда жашоо минимуму айтылды

2024-жылдын аягында Кыргызстанда жашоо минимум бир кишиге 7963 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттинен билдирди. Маалыматка ылайык, жашоо минимумунун баасы 7681 сомду түзгөн 2023-жылга салыштырмалуу 3,7%га өскөн. 2024-жылы эмгекке жарамдуу калк үчүн көрсөткүч 8906 сом, пенсионерлер үчүн 7063 сом, балдар үчүн 4805 сом болгон. Бөлүшүү:

You May Like