Кыргызстандын ММА курамасы Дүйнө чемпионатында 9 медаль утту

Автор

Кыргызстандын ММА боюнча курама командасы (ММА GAMMA) Таиланддын Бангкок шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 9 медаль утту. Анын бешөө алтын, төртөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, дүйнө чемпионаты 5-10-декабрь күндөрү өтүп, ага 40 ашык мамлекеттен келген 500 спортчу катышкан.
Улуттук курама команда жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи.

Алтын медаль ээлери:

Дооронбек Кылычбек уулу (52.2 кг);
Жаныбек Абдувалиев (61.2 кг);
Айжигит Эркебай уулу (70.3 кг);
Белек Абдижапаров (83, 9 кг);
Манас Темирбеков (94 кг).
Коло медаль уткандар:

Адилет Алимбай уулу (65 кг);
Дастан Жумабек уулу (94 кг);
Эржан Бексултанов (77 кг);
Мухамед-Шах Мустафакулов (65 кг).
Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Эрали Аскарбек уулу жана улук машыктыруучу Айбек Бакасовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте кышкы туристтик сезон ачылат

Бүгүн,14-декабрда «Бишкек Арена» шаардык муз тебүүчү аянтчасында Кыргызстанда 2023-2024-жылдарга кышкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарада коньки тебүү, муз акробатикасы, хоккей чеберчилигин көрсөтүү, популярдуу ырчы-бийчилердин катышуусунда концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар арасында өнөктөштөрдүн ар кандай байгелүү сынактары уюштурулат. Иш-чараны Туризм департаменти […]

Сизге жагышы мүмкүн