Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы (U-17) Тажикстанда өткөн эл аралык турнирди ийгиликтүү баштады. Борбор Азия чемпионаты Дүйшөмбү шаарында 4 команданын катышуусунда старт алды. Биринчи айлампанын беттешинде кыргызстандыктар Тажикстандын курама командасы менен беттешип, 4:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Нурия Маматсулайманова дубль, Кристина Костюк менен Мырзайым Жузубахунова бирден гол киргизди.