Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 231 миңге жетти

Автор

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери туруктуу калктын саны 70 миң адамга же 1 пайызга көбөйүп, 1-августка карата 7 миллион 231 миң адамды түздү.
Табигый калктын өсүү темпи эң жогору Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында январь-июль айларында байкалган. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси футбол карьерасында 46-жолу чемпион болду

Лионель Месси ойногон “Интер Майами” командасы АКШ чемпионатында “Колумбус Крю” командасын 3:2 эсебинде жеңип, мөөнөтүнөн мурда кезектеги сезондун жеңүүчүсү болду. Бул беттеште Месси дубль жасаса, Луис Суарес командасынын дагы бир голун киргизди. Жеңиш “Интерге” 68 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда кезектеги сезондун жеңүүчүсү болууга мүмкүндүк берди. Белгилей кетсек, Аргентина курама командасынын […]

Сизге жагышы мүмкүн