Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ички дүң продуктынын көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 264.5 млрд сомду түздү жана 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4.4%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, 2023-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 131.1 млрд сомду түздү.
2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу химиялык продукциянын (32%), текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (19.3%), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (18.4%), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарынын (16.3%), фармацевтикалык продукциялардын (12.9%), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,.5%), негизги металлдардын (1%), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (12.7%) көлөмүн жогорулатуунун эсебинен 4.6% көбөйдү.