2024-жылдын январь-октябрь айларынын ичинде ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 триллиондон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул 2023-жылдын ушул айларына салыштырганда быйылкы өсүш 9,6% болгон. Статком ИДПнын өсүшүн мындай чечмелейт: өсүш товардык өндүрүштүн, тейлөө, кызмат көрсөтүү тармагынын жана азык-түлүккө салынган салыктардын эсебинен болуп жатат. Өткөн жылдын он айына салыштырмалуу быйыл товардык өндүрүш 10,8%, тейлөө, кызмат көрсөтүүлөр 8,3%, ал эми азык-түлүктөргө салынган таза салыктар 11,3 %га өскөн.
Мындан тышкары, курулушта 1,6%, өнөр жайында 0,7% өсүш болсо, ал эми айыл чарбасында тескерисинче, 1,0% өсүш кыскарган.
2023-жылы биринчи жолу ИДП көлөмү ноябрь айынын аягында 1 триллиондон ашканы айтылган. Быйылкы жылы октябрь айынын аягында ИДП 1 триллиондон ашканын Улуттук статком кабарлады.