2024-жылдын январында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, устүбүздөгү жылдын январында ички дүң продуктынын көлөмү алдын-ала баалоо боюнча, 73 млрд сомду түздү, бул 2023-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 7,4 пайызга көп.
Ал эми өсүш товарларды өндүрүүдөн (27,6%), кызмат көрсөтүүдөн (52,2%) жана салыктык түшүүлөрдүн (20,2%га) эсебинен шартталган.