Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курамасы Азия чемпионатынан кайтып келди

Автор

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Тегеран шаарында өткөн Азия чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Бактияр Бокоев, КР Жеңил атлетика боюнча федерациясынын башкы катчысы Мелис Надырбеков жана спортчулардын жакындары тосуп алды.
Белгилей кетсек, жеңил атлетика боюнча улуттук курама команда 17-февралдан 20-февралга чейин Иранда өткөн Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болгон. Нурсултан Кеңешбеков 1500 жана 3000 м аралыкка чуркап алтын медалга ээ болду. Ошондой эле кыз-келиндер арасында катышкан Айнуска Калил кызы 1500 м аралыкка чуркап күмүш медаль тагынса, 3000 м аралыкты 9:27618 секунд убакыт аралыгында чуркап өтүп коло медалга ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Казанда Владимир Путин менен жолукту

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Татарстандын Казань шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Владимир Путин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик нугунда бардык тармактарда ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи. Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровго Кыргызстанда орус тилин […]

Сизге жагышы мүмкүн