Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия Кубогуна жолдомо утту

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Азия кубогуна жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун үчүнчү тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы Япониянын курама командасы менен ойноп, 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Мунун жыйынтыгында биздин курама команданын турнирдик таблицада экинчи орунду ээлеп (7 очко) Азия Кубогуна катышууга жол ачты.
Кыргызстандын жаштар курама командасы “I” тобунда Мьянманын, Түркмөнстан жана Япониянын курамалары менен бирге болчу.
Буга чейин биздин курама команда Мьянманы 2:0 менен, Түркмөнстанды болсо 1:0 менен утуп алган.
Эми Кыргызстандын жаш футболчулары Азиянын Кубогунун финалдык стадиясына өз тобунда алдыңкы орундарды ээлеген курама командалар катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Россияда согуштук «Бердыш» аттуу дрон чыгарылды

Уралдронзавод душманга курал жана гранатомет менен чабуул жасоого, аймактарды миналоого, жүк ташууга жана чалгындоого жөндөмдүү оор согуштук дрон «Бердышты» иштеп чыкты. Ишкананын башкы директору Владимир Ткачуктун айтымында «Бердыш» модулдук дрон. Коюлган тапшырмаларга жараша, ал танкка жана жөө аскерге каршы миналарды коюуда, душманга күчтүү жардыруучу заттарды таштоодо колдонулушу мүмкүн. Ошондой «Шмель» […]

Сизге жагышы мүмкүн