Кыргызстандын дарыгерлери Түркияга жөнөп кетишти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча, бүгүн өлкөбүздүн дарыгерлери боорду алмаштыруу боюнча билимдерин өркүндөтүп келүү үчүн Түркияга жөнөп кетишти.
Алардын катарында хирургдар, анестезиологдор, УДИ дарыгерлери, лаборанттар, медайымдар кирген 13 дарыгер бар. Түркиянын Инөнү медициналык университети аларды 3 ай бекер окутуп, тамак аш, жана жатакана менен камсыздайт.