Кыргызстандын гимни өзгөртүлөбү? Президенттин басма сөз катчысы үн катты

Автор

Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин бүгүн парламенттеги иш-чара жүрүшүндө: “Гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек”,- деген билдирүүсүн Спикердин жеке пикири катары гана кабыл алуу керек деп эсептейбиз. Анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты. Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок», — дейт катчы.
Белгилей кетсек, бүгүн, 35-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди да өзгөртүү керек деп эсептей турганын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банкы кезектеги валюталык интервенция жасады

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 25-октябрда кезектеги валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу регулятордун сайтында айтылат. Жалпысынан 35,1 миллион доллар сатылып, анын 28,5 миллион доллары ошол эле күнү, 26,6 миллион доллары башка күнү чечилген. Буга чейинки интервенция 8-октябрда болуп, Улуттук банк рынокто 54,5 миллион доллар саткан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн