Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Өзбекстанда өтө турган Азия чемпионатына (CAVA) катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 18-24-октябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Афганистан жана Мальдив аралдарынын курама командалары катышат.
Курама команданын тизмеси:
Кутманбек Абатаров (коргоочу);
Бектурсун Сатылганов (байланыштыруучу);
Нурислам Медетбек уулу (борбордук тосмочу);
Нурмухамед Токтоев (чабуулчу);
Оңолбек Каныбек уулу (диагонал чабуулчу);
Ильяз Абдимомун уулу (чабуулчу);
Өмүрбек Жунус уулу (чабуулчу);
Жамалидин Мусаев (байланыштыруучу);
Арген Жаркынбаев (борбордук тосмочу);
Жантемир Жээнбек уулу (чабуулчу);
Толкунбек Кочконбаев (диагонал чабуулчу);
Исламбек Татыкулов (VIS).
Курама команда башкы машыктыруучу Андрей Анкудинов жана улук машыктыруучу Бакыт Алиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.