Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу

Автор

Азыркы учурда ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу  Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк чет өлкө валютасынын сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлүп, валютага болгон суроо-талаптын жана сунуштун негизинде аныктала тургандыгын белгилейт. Ушуга байланыштуу курстун өсүшү сыяктуу эле төмөндөшү жагында өзгөрүлмөлүүлүктү байкоого болот.

Ошондой эле, Улуттук банк банк жана банк эмес секторлору тарабынан мыйзам талаптарынын сакталышына, анын ичинде калкты талаптагыдай тейлөөгө өзгөчө көңүл буруу менен алардын ишине талдоо жүргүзүп турат. Алсак, коммерциялык банктар улуттук жана чет өлкө валюталарында кредиттерди берүү, депозиттерди кабыл алуу, накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү сыяктуу ж.б. кызматтардын кеңири чөйрөсүн көрсөтүп жатышат. Банктарда жана алмашуу бюролорунда АКШ долларында жана орус рублинде нак акча каражаттарынын көлөмү жетиштүү, алмашуу операциялары эч кандай чектөөлөрсүз жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандын төлөм системалары штаттык режимде ишин улантууда.

Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторунда түзүлгөн кырдаалга дайыма көз салып турат жана зарыл болгон учурда акча-кредит саясатына ылайык бардык зарыл чараларды көрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн тазалоону улантууда

Суучулдар Ысык-Көлдү үч айдан бери  тазалап жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы “Золотые пески”, Чолпон-Ата шаарындагы “Лагуна” “Голубой Иссык-Куль”, Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплекси , Бактуу-Долоноту айылындагы “Ден-соолук, “Каприз” пансионаттарынын аймагындагы көлдүн түбү тазаланды. Учурда ӨКМдин суучулдары көлдүн түбүн таштандылардан тазалоону улантууда. Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн