Кыргызстандын бокс боюнча курамасы Эл аралык мелдешке даярданууда

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында окуу машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-сентябрда башталган окуу-машыгуу жыйыны 24-сентябрда жыйынтыкталат. Машыгуулар эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында уюштурулган.
Курама команданын тизмеси:
48 кг Анвар Ходжиев;
51 кг Бекзат Эргешов;
54 кг Нуржигит Дүйшөбаев;
57 кг Ислам Төрөбаев, Санжай Сейдакматов;
60 кг Тургунбек Иманкадыров, Рысбек Бектенов;
63,5 кг Умар Ливаза, Мирзохид Имамназаров;
67 кг Алмаз Орозбеков, Ихтиёр Нишанов;
71 кг Сыргак Сырттан уулу, Эльзар Турдубаев;
75 кг Даниэль Абдрахманов;
80 кг Сагын Сатыбалды уулу, Атай Асанбек уулу;
92 кг Бакыт Токтосун уулу;
Башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу, машыктыруучулар Темирлан Осмонов, Бейшен Сатаров.
Окуу машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун Башкы ассамблеясы Израилди Палестинадан чыгып кетүүгө чакырган резолюция кабыл алды

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Израилди оккупацияланган Палестина аймактарын бир жыл ичинде чыгып кетүүгө чакырган резолюцияны кабыл алды. Бул документти Россия, Катар, Кытай жана Франция сыяктуу 124 мамлекет колдоп добуш берди. Ал эми АКШ, Израиль, Венгрия жана Чехия сыяктуу 14 мамлекет каршы чыкты. Дагы 43 өлкө добуш берүүдөн карманды. Резолюцияны […]

Сизге жагышы мүмкүн