Кыргызстандын бокс боюнча курамасы Кытайда эл аралык мелдешке катышат

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештер 25-сентябрда башталып 10-октябрда жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
48 кг Анвар Ходжиев;
57 кг Санжай Сейдакматов, Ислам Төрөбеков;
63.5 кг Мирзохид Имамназаров, Алмаз Орозбеков;
80 кг Сагын Сатыбалды уулу;
+92 кг Бакыт Токтосун уулу.
Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Атада жер басып алган мурдагы аткаминерлер кармалды

Ысык-Ата райондук ИИБнын мурдагы башчысы жана Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан документтерди жасалмалоо, объекттерди мыйзамсыз басып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Ата райондук ИИБнын мурдагы башчысы А.А.К. жана […]

Сизге жагышы мүмкүн