Кыргызстандын бел боо күрөшү боюнча курамасы эл аралык мелдеште 7 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 7 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Башкортстандын Уфа шаарында өтүп, Риф Гайнановдун  жаркын элесине арналган.
Алтын медалдын ээлери:
75 кг Айболот Аманов;
100 кг Баяман Мыктыбеков;
+76 кг Айжан Анарбекова.
Күмүш медалдын ээлери:
62 кг Толубай Шүкүров;
+100 кг Бактияр Мирлан уулу;
76 кг Адинай Алмазбекова.
Коло медалдын ээси:
82 кг Азизхан Мусабек уулу.
Курама команда машыктыруучу Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

“Мурас” турак жай комплексинде ипотекалык батирлер ээлерине берилди

Бүгүн, 24-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик ипотекалык компаниянын салып бүтүргөн “Мурас” турак жай комплекси үйлөрү ээлерине берилди. Кубанычбек Маликов 91 көчөсүндө жайгашкан үйлөр мурдагы N:47 түрмөдөн бошогон жайга салынган. Көп кабаттуу турак жай 11 блоктон турат. Жалпы батирдин саны 986. Айланасында унаа паркы, жаш балдар үчүн аянтчалар жайгашкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн