Кыргызстандын Беларустагы Маданият күндөрү өтүүдө

Автор

Минск шаарында Кыргызстандын Беларустагы Маданият күндөрү башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.
Салтанаттуу ачылыш Беларустун Улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун көргөзмөсү менен коштолду.
Иш-чарада Кыргызстандын маданият министринин орун басары Гулбара Абдыкалыкова жана Беларустун маданият министринин орун басары Валерий Громада куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Бул иш-чара маданий кызматташтыктын маанилүү этабы болуп, Кыргызстандын уникалдуу көркөм мурастарын кенен тааныштырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Анкарада террористтердин биринин өздүгү ачыкталды

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая Анкарада болгон террордук чабуулдун аткаруучуларынын биринин өздүгү аныкталганын билдирди. Анын аты Али Орек, каймана аты Ройгер. Ал Күрд жумушчу партиясынын мүчөсү экени аныкталды. Министр ошондой эле чабуулга катышкан аялды да аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалады. 23-октябрда Анкаранын Кахраманказан районундагы TUSAŞ авиазаводунун имараттын жанында жарылуу […]

Сизге жагышы мүмкүн