Кыргызстандын балбандары Иван Ярыгин кубогуна катышат

Автор

Бүгүн, 23-январда Красноярск шаарында эркин күрөш боюнча Иван Ярыгиндин кубогу үчүн 36-эл аралык турнир башталат.
Орусиянын Күрөш федерациясынын сайтында маалымдалгандай, мелдешке 17 өлкөнүн балбандары катышат. Тактап айтканда Орусиядан тышкары Азербайжан, Беларусь, Венгрия, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Куба, Кыргызстан, Мексика, Монголия Красноярск , Түндүк Македония, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Кореянын спортчулары катышат.
Мелдеште 20 комплект – эркектер жана аялдар арасында ар бири 10дон медалдар ыйгарылат
“Иван Ярыгин Кубогунун 35 жыл аралыгында анын сыйлыктарын 40тан ашык Олимпиада чемпиондору жеңип алышкан. Мелдеште килемине 56 өлкөнүн өкүлдөрү чыгышат”, – деп билдирет уюштуруучулар.

Бөлүшүү:
Next Post

Пентагон Мексика менен чек арага 1,5 миң аскер жиберет

АКШнын Коргоо министрлиги алдыдагы күндөрү түштүк чек арада коопсуздукту камсыздоого жардам берүү үчүн 1,5 миң аскер жибере турганын маалымдады. Бул АКШ президенти Дональд Трамптын мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча буйруктарында камтылган пландын бир бөлүгү. АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Роберт Салесестин айтымында Мексика менен чек арадагы аскерлердин саны өзгөрүшү мүмкүн. […]

You May Like