Кыргызстандын ар аймагындагы 100 объект бир маалда ачылды

Автор

Бүгүн, 30-август күнү, Кыргызстандын ар аймагында курулган 100 объект бир маалда ачылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы “Терек-Таш” клинкер заводунун ачылышында билдирди.
Президент “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекти куруунун алкагында бир катар жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин ачылышы – биз үчүн тарыхый жактан өтө маанилүү учур”, – деп белгиледи. Президент тарыхка токтолуп, өмүрүн тобокелге салып Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзгөн аталарды эскерген. Муну менен катар республиканын жетишкендиктерине токтолгон.
“Бүгүнкү күндө дүйнө өзүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн татаал этабын баштан кечирүүдө. Биз мындай глобалдуу өзгөрүүлөр болуп жаткан маалда боло туруучу көйгөйлөрдү аныктап, тиешелүү чараларды, ыкчам чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү болушубуз керек. Өнүккөн экономика мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн кепилдиги болорун эсибизге бекем түйүп, бардык дитибизди ушул тармакка бурушубуз абзел. Мындан улам өткөн жылдын соңунда “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыкка кол коюп, аткаруу бийлик органдарына тиешелүү тапшырмаларды берген элем. Мына ошол тапшырманын негизинде азыркы Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгынын урматына реалдуу сектордун жана социалдык тармактын бир катар объектилерин ачканы турабыз”, — деди Жапаров.
Президенттин айтымында, “Терек-Таш” клинкер заводу менен бирге Кадамжайда Исфайрам-1, Ноокатта Курак-Тектир чакан ГЭСтери, Ат-Башыда “Кара-Булак” соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында “Миң-Булак” курулуш материалдар ишканасы, Жайылда “Жунда” мунай заводу, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруучу завод, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабрика жана башка ушуга окшогон бир катар өндүрүш ишканалары, ошондой эле жаңы мектеп, мектептерге кошумча имараттарды, бала бакчаларды, спорт залдарды расмий ачуу каралган.
“Жаңы ачылган ишканалар прогресстин символу болуп, келечекте өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, ал эми жаңы ачылган мектеп, бала бакчалар билим сапатын арттырууга жол чабат деп ишенем. Учурдан пайдаланып, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун ишке ашуусуна салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдире кетейин. Бүгүнкү биз ачып жаткан 100 объект ар бир жарандын жашоосун өзгөртүүгө жана экономикалык жылышка негиз болоруна толук ишенем”, — деди Жапаров.
Сөзүнүн соңунда президент жагымдуу саамалыктар коштолгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы жана эртең белгилене турган Эгемендик майрамы менен куттуктады.

Бөлүшүү:
Next Post

Бороондон жабыркагандардын саны жүздөн ашты

Акыркы он жылдыктагы эң күчтүү делген «Шаньшань» тайфуну Япониянын Кюсю аралынын түндүк-чыгыш багытына жылды. Анын кесепетинен төрт адам көз жумса, 104 киши жаракат алып, экөө дайынсыз болду. Шамалдын күчү азайгандан кийин ылдамдыгы саатына 126 чакырымга жетүүдө. Бороондон авиация каттамдары катуу жабыркап, аэропорттор толугу менен жабылган. Синоптиктердин эскертүүсүнө ылайык, «Шаньшань» катуу […]

Сизге жагышы мүмкүн