Кыргызстандык 200дөн ашуун спортчу  II КМШ оюндарына катышат

Автор

Кыргызстандык 200дөн ашуун спортчу Минскте өтчү II КМШ оюндарына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

КМШ оюндарынын салтанаттуу ачылышы 5-август күнү Минск шаарындагы көп тармактуу “Минск-Арена” маданий-спорт комплексинде өтөт.

Иш-чара 14-августка чейин уланат. Ага 24 мамлекеттен 4 миңден ашык спортчу катышат. Жалпы 21 спорттун түрүнөн 1 миң 672 комплект медаль ойнотулат.

КМШ оюндарына Кыргызстандын курама командасы 17 спорттун түрүнөн катышат.

Мелдеш Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өтөт: баскетбол 3*3, бокс, кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөшү, гандбол, көркөм гимнастика, грек-рим күрөшү, каратэ-до, жеңил атлетика, мини футбол, сууда сүзүү, самбо, заманбап спорттун беш түрү, жаа атуу, тайбокс, ок атуу, оор атлетика, дзюдо, волейбол, кум үстундөгү волейбол, кум үстүндөгү футбол, чөп үстүндөгү хоккей.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 2-августка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.5  сомдон  болсо, сатуу  87.9 сомго   чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87.7821 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн