Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын эки оюнчусу Алимардон Шүкүров менен Гүлжигит Алыкулов Беларустун вице-чемпиондору болушту.
Гродно шаарынын «Неман» командасы 2-орунду камсыздап, Жогорку Лига аяктаганга чейин күмүш медаль тагынды.
Келерки сезондо команда УЕФАнын Конференция Лигасында ойнойт, анда тандоо раундунан башталат.
2023-жылы Шукуров Конференц-Лиганын тандоо турунда Неман менен 6 оюн өткөрүп, анда 2 гол киргизген.
Ал эми Алыкулов 2023-жылы Немандын курамында Конференц-Лиганын квалификациясында ойногон, ошондой эле Алматынын «Кайратынын» курамында Конференц-Лигада 8 оюн өткөргөн.