Кыргызстандык футболчу  Алимардон Шүкүров Европа кубогунда дебют жасайт

Автор

Улуттук кураманын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүровдун беларусиялык «Неман» командасы УЕФАнын Конференция дигасында ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирет.

«Неман» квалификациянын биринчи раундунан баштап, 14 жана 20-июлда «Вадуцага» (Лихтейнштейн) каршы эки беттеш өткөрөт.

Еврокубокто ойногон кыргызстандыктар:

Эмил Кенжисариев «Актобенин» курамында – Европа Лигасынын тандоо раунду, Чемпиондор Лигасынын тандоо раунду (2007-2014);

Антон Землянухин «Актобенин» курамында – Европа Лигасынын тандоо раунду (2012/2013);

Азамат Байматов «Вентспилстин» курамында – Чемпиондор Лигасынын тандоо раунду (2009/2010);

Клод Мака Кум «Дачия» Европа Лигасынын тандоо раунду (2010/2011);

Антон Коченков «Локомотивдин» курамында – ​​1/8 Европа Лигасы (2017/2018), Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычы (2019/2020);

Гүлжигит Алыкулов «Кайраттын» курамында – Европа Лигасынын тандоо раунду (2020-2022), Чемпиондор Лигасынын тандоо раунду (2021/2022), Конференция Лигасынын тайпалык баскычы (2021/2022), Конференция Лигасынын тандоо раунду (2021-2023).

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаровдун Монголияга болгон сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

11-июль күнү кечинде президент Садыр Жапаров Монголияга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.   9-июлда Улан-Батор шаарында эки өлкөнүн лидерлеринин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң алар тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.   Мамлекет башчылары кыргыз-монгол эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, келечекте биргелешкен өз […]

Сизге жагышы мүмкүн