Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

Автор

КРнын пара жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Жалалидин Абдувалиев Пара Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Оюндар Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жатат.

Спортчу Жалалидин Абдувалиев 5 миң м аралыкты 17 мүнөт 18 секунд убакытта чуркап өткөн.

Белгилей кетсек, 20-30-октябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышууда. Мындан сырткары, курама командада машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Монголиянын премьер-министри Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Монголия Өкмөтүнүн башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тосуп алды. Монголиянын премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык […]

Сизге жагышы мүмкүн