Кыргызстандык спортчу Дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту

Автор

Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Аброр Хакимов бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан мелдеште кыргызстандык спортчу  71 кг чейинки салмакта катышкан. Алтын медаль үчүн беттеште франциялык мушкерди жеңип, 1-орунду ээледи.

Эске салсак, бүткүл Дүйнөлүк оюндар 20-октябрда башталып бүгүн, 30-октябрда жыйынтыкталат. Кыргызстандын улуттук курама командасы каратэ, самбо, жиу-житсу, грэпплинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ-Кытай: Президенттерин жолугуштурууну макулдашты

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И америкалык тарап менен Жо Байден жана Си Цзиньпиндин жолугушуусун Сан-Францискодо биргелешип уюштурууну макулдашканын билдирди. «Эки тарап тең Кытай-Америка мамилелери мүмкүн болушунча тезирээк турукташып, жакшыртууга умтулат деп үмүттөнүшөт»,-деди Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Вашингтондо АКШ жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында. Ошого эле учурда дипломат […]

Сизге жагышы мүмкүн