Кыргызстандык спортчулар  Дүйнө чемпионатына үч медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын каратэ киокушинкай-кан боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатына үч медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Биринчилик Казакстандын Алматы шаарында 24-26-ноябрь күндөрү өткөн, Ага 33 мамлекеттен келген 700дөн ашык спортчу катышты.

КР курамасынын куржунунда бир күмүш жана эки коло медаль бар:

Катедттер арасында Селина Алисултанова (50 кг);

Милана Зацепилина (50 кг чейин) жана Максим Дахин (47 кг чейин).

Эскерте кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Шевченко Сергейдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткен чек арасындагы айылга жаңы оорукана курулду

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы оорукана курулду. Жакында пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында президенттин жеке колдоосу менен курулган. 75 орунга ылайыкташтырылган оорукананын курулушу толугу менен президенттин фондунан каржыланып, жалпы 100,56 млн сом жумшалды. Учурда […]

Сизге жагышы мүмкүн