Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Ташкентте 1-14-майда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу КР Бокс федерациясынан билдиришти.
Спортчулар башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу, улук машыктыруучу Улан Сагынбаев менен Акыйкат Абаевдин кол алдында мелдешке даярдык көрүүдө.
Дүйнө чемпионатынын байге фонду 5,2 млн долларды түзөт:
1-орунга 200 миң доллар;
2-орунга 100 миң доллар;
3-орунга 50 миң доллар.