Кыргызстандык спортчулар Азия чемпионатында эки медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын паратриатлон боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 1 алтын, 1 күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпионат Филиппиндин Субик-Бей шаарында 29-майда башталып 2-июнда жыйынтыкталды.
Айтунук Жоомарт кызы (коштоп жүрүүчүсү Ангелина Блиндус) алтын медалга ээ болсо, Гулназ Жүзбаева (коштоп жүрүүчүсү Юлия Фернас) 2-орунду ээлешти. Курама команда башкы машыктыруучу Андрей Ханадеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты

Бөлүшүү:
Next Post

Суу ташкынынан улам тургундар көчтү

Германиянын түштүгүндө нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, айрым аймактар ​​суу астында калды. Бийлик 3 миңдей адамды көчүрдү. 2021-жылы Европанын айрым жерлерин суу каптап, 200гө жакын адам көз жумган. Буга көбүнчө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери себеп болгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн