Кыргызстандык парадзюдочулар Японияда өтчү мелдешке катышат

Автор

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Япониянын Токио шаарында өтчү “Дүйнө Гран-При” аталышындагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш 30-ноябрда башталып, 6-декабрга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

48 кг Хайитхон Хусан кызы (48 кг);

90 кг Давран Садыков (90 кг);

60 кг Алихан Жумагулов (60 кг);

73 кг Маматибраим Суранов (73 кг).

Курама команда башкы машыктыруучу Канат Имиянов жана машыктыруучу Байбол Саламат уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Беловодскийдин аты Нарзан болуп өзгөрөт

Республикада аймактык башкаруунун долбоору жер – жерлерде катуу талкууга жем таштады. Реформанын алкагында айыл өкмөттөр ирилештирилет. Мындай практика Нарын жана Ош облустарында ишке ашырылууда. Белгилүү болгондой, аймактык реформанын алкагында Чүй облусуна караштуу Беловодский айыл аймагынын аты “Нарзан” деп өзгөрүшү мүмкүн. Аймактын жашоочулары  билдиргендей, СССР убагында 1544 метр бийиктиктеги тоодон Нарзан […]

Сизге жагышы мүмкүн