Кыргызстандын оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы эл аралык мелдеште 18 медаль утту. Анын 11и алтын, 5 күмүш жана 2 коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш В.Ю.Пактын жаркын элесине арналган Казакстандын Көкшетау шаарында 18-25-декабрь күндөрү өткөн.
Алтын медаль ээлери:
– 55 кг Арсен Өмүржанов (өспүрүмдөр арасында);
– 67 кг Талант Туратбеков (жаштар арасында);
– 73 кг Нурчолпон Нурланбек уулу (жаштар арасында);
– 81 кг Азамат Жайлообек уулу (өспүрүмдөр арасында);
– 81 кг Дилмурад Кубанахун уулу (чондор арасында);
– 89 кг Айтегин Жолдошкулов (өспүрүмдөр арасында);
– 89 кг Рыскелди Алишеров (жаштар арасында);
– +102 кг Элдар Төлөмүшов (өспүрүмдөр арасында);
– 67 кг Аскат Канатбеков (өспүрүмдөр арасында);
– 61 кг Эрбол Сарпашев (өспүрүмдөр арасында).
Күмүш медалдын ээлери:
– 89 кг Арслан Молдодосов (кичи өспүрүмдөр);
– 55 кг Мухамемед Миназаров (өспүрүмдөр);
– 59 кг Айдай Курбанбек кызы (жаштар арасында);
– 89 кг Тургунбек Шаршеев (жаштар арасында);
– 49 кг Арсен Шарипов.
Коло уткандар:
– 67 кг Хамза Самидинов (өспүрүмдөр арасында);
– 55 кг Турдубек Калыбеков (өспүмдөр арасында).