Кыргызстандык Ринат Урматбек уулу Японияда тхэквондо боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейдин окуучусу Ринат Урматбек уулу Японияда өткөн тхэквондо боюнча дүйнө чемпионатында 70 кг салмакта 1-орунга ээ болду.
Кошумчалай кетсек, чемпионатка дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн тхэквондисттер катышкан.