Кыргызстандык окуучулар Казакстанда өткөн XXI эл аралык Жаутыков олимпиадасында математика, физика жана информатика боюнча бир алтын, төрт күмүш, алты коло медаль алды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, олимпиада 13-январдан 17-январга чейин өтүп, ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Россия, Беларусь, Армения, Азербайжан, Түркия, Грузия, Болгария, Румыния, Сербия, Монголия сыяктуу 15 өлкөдөн 700гө жакын окуучу жана 150 мугалим катышкан.
Кыргызстандын атынан төрт команда күч сынашкан.
Жыйынтыгында алар бир алтын, төрт, күмүш, алты коло медаль уткан.