Кыргызстандык окуучулар Эл аралык олимпиададан 17 медаль утту

Автор

Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасынан 17 медаль утту. Анын ичинен күмүш – 4, коло – 13. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышты.
Эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан алты команда катышып, үч окуучу жекече катышты.
Математика предмети боюнча медаль алган окуучулар:
Киргизбаев Назар, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;
Асанкадыров Айдин, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;
Эшперов Нурсултан, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 10-класс – коло медаль.
Тренерлери – Ишматов Мамат, Мамбетов Тимур.
Физика предмети боюнча медаль алган окуучулар:
Турдукеев Атай, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;
Бектур Баратали, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;
Тренери – Дүйшөн Сатыбалдиев.
Аскар Абдиев, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 10-класс – коло медаль;
Анаралы уулу Эмир, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 11-класс – коло медаль.
Тренерлери – Сабыров Чынтемир, Ажибаев Улукбек.
Эмильбеков Айтегин, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 9-класс – коло медаль.
Тренери – Алмурза уулу Алтынбек.
Информатика предмети боюнча медаль алган окуучулар:
Лебиев Абдулазиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
Айдарбеков Алихан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
Исхак Тажибаев, “Кут-Билим” окуу-тарбия комплекси, 10-класс – коло медаль;
Садирбеков Санжар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
Абдирасулов Абдуллахан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 8-класс – коло медаль;

Бөлүшүү:
Next Post

1000ден ашык уюм Израилге карата геноцид дооматын колдоду

Дүйнө жүзүндөгү 1000ден ашуун саясий партиялар жана түрдүү уюмдар Израилди геноцид деп айыптаган Түштүк Африканы колдоого башка өлкөлөрдү чакырышты. “Башка өлкөлөрдү бул катуу айтылган жана жүйөлүү даттанууну колдоо үчүн Эл аралык Сотко, ошондой эле Дүйнөлүк Сот деп аталган интервенцияга арыз берүү менен чакырабыз”,-деп айтылат билдирүүдө. Документте Израилдин Газа тилкесиндеги геноциддик […]

Сизге жагышы мүмкүн