Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадада 4 медаль жеңишти

Автор

Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпидасында 1 күмүш, 3 коло медаль жана 2 ардак грамота жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл аралык 41-Балкан математикалык олимпидасы 27-апрелден 2-майга чейин Варна шаарында өттү. Ага 22 өлкөнүн окуучулары катышты.
Сыйланган кыргызстандык окуучулар:
күмүш медаль:
– Ян Бобрус, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу;
коло медаль:
– Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучулары;
– Нурдөөлөт Капаров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу;
ардак грамота:
– Назар Киргизбаев жана Айдин Асанкадыров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучулары.
Окуучуларды олимпидага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык боксер Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Зафарбек Камалов Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу 51 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттеште тажикстандын мушкери Мерож Суфижоновду 5:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда ирандык спортчу Каземи Мехти […]

Сизге жагышы мүмкүн