Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Борбор Азия олимпиадасында 10 медаль жеңишти

Автор

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Борбор Азия (CABO 2024) олимпиадасында 10 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль.

алтын медаль – Улукбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи.
күмүш медаль – Нурсултан Увалиев, К.Карасаев атындагы Каракол лицейи; Байзак Карыпжанов, “Манас-Ата”Талас лицейи; Умар Эргешов, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи.
коло медаль – Өмүрбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи; Нурбол Акматалиев, Дастан Исаев жана Ирина Разводовская Бишкек шаарындагы American-European мектебинен; Арсений Виноградов жана Элхан Акимов Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинен.
11-12-майда өткөн олимпиадага Борбор Азиядан 78, анын ичинде Кыргызстандан 27 окуучу катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абад футболдун мекени болот

Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, расмий түрдө ишке берилди. Ачылуу аземине Министрлер кабинетинин төрага орун басары Камчыбек Ташиев баштаган бийлик өкүлдөрү катышышты. “Курманбек” стадиону 1967-жылы ашар жолу менен курулган. Анын 4 гектар жери четинен кыртылып, жарым кылым кароосуз калган. Былтыр УКМК төрагасы кейиштүү стадиондун абалы менен таанышып, оңдоп-түзөө […]

Сизге жагышы мүмкүн