Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпиадасында 2 коло медаль жеңди

Автор

2024-жылдын 25-30-июнь күндөрү Түркиянын Анталья шаарында өткөн өспүрүмдөр арасында XXVIII Балкан математикалык олимпиадасында кыргызстандык окуучулар эки коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган олимпиадага 135 өлкөдөн 22 окуучу катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында “Газпром Кыргызстан” мектебинин 9-классынын окуучусу Тимур Акенеев жана №62 ОТК МГнын окуучусу Арлан Керимов коло медаль тагынып кайтышты.
Кыргызстандын командасынын курамында төмөнкү окуучулар болду:
1. Тимур Акенеев, “Газпром Кыргызстан” мектеби, Бишкек шаары -коло медаль;
2. Арлан Керимов, №62 ОТК МГ- Бишкек шаары-коло медаль;
3. Бектен Абдувалиев, Кыргызстан эл аралык мектеби, Ош шаары -катышуучу;
4. Нуржамал Пазылбекова, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОК- Бишкек ш. – катышуучу;
5. Даниил Елистратов, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОК- Бишкек ш. – катышуучу;
6. Шакиралиев Адилет, Купуев академиясы, Ош шаары-катышуучу.
Команда лидерлери:

1. Тилек Аскербеков;
2. Дослан Жекшеев.

2015-жылдан бери Кыргызстандын курама командасынын аталган олимпиадада жалпы 3 медалы бар: 1 күмүш жана 2 коло медаль.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуу Британияда парламенттик шайлоо башталды

Улуу Британияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо башталды. 40 миңге жакын шайлоо тилкелери жергиликтүү убакыт боюнча 22:00гө чейин иштейт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча палатанын 650 мандаты бөлүштүрүлөт. Көпчүлүк орундарды алган партиянын лидери королдун уруксаты менен премьер-министрлик кызматка дайындалып, өкмөттү түзүү укугуна ээ болот. Жыйынтыктар 5-июлга чейин белгилүү болору күтүлүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн