Кыргызстандык окуучулар Авиценна олимпиадасында 7 медаль жеңип алышты

Автор

Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы (AIBO) биология боюнча эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен экөө күмүш медаль жана бешөө коло медаль.
Күмүш медаль ээлери:
Данияр Гаипов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу;
Байзак Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейинин окуучусу;
Коло медаль ээлери:
Арсений Виноградов, Жайыл баатыр атындагы Кара-Балта лицейинин окуучусу;
Азирет Анварбеков жана Нурсултан Нусувалиев, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучулары;
Алан Кошмуратов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу;
Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 лицейинин окуучусу.
Белгилей кетсек, 9-14-июнь күндөрү Бухара шаарында өткөн эл аралык олимпиадага 18 өлкөдөн 100дөн ашуун окуучу катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Украина менен сүйлөшүүлөрдү баштоо шарттарын айтты

Россия президенти Владимир Путин Тышкы иштер министрлигинде сүйлөп жатып, сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Украинага коюлган шарттарды тизмектеп берди. “Бүгүн биз дагы бир конкреттүү, реалдуу тынчтык сунушун киргизип жатабыз”,-деген президент Москва жаңжалды тоңдуруу эмес, аны токтотуу, толук чечүү сунушун айтып жатканын түшүндүрдү. Шарттардын тизмесине Украина күчтөрүн жаңы Россия аймактарынан чыгарып кетүү жана […]

Сизге жагышы мүмкүн