Кыргызстандык калыстар футбол боюнча дүйнө чемпионатын тейлешет

Автор

Кыргызстандык Калыстар корпусунун өкүлдөрү Вероника Бернацкая менен Рамина Цой U-20 кыз-келиндер дүйнө чемпионатын тейшелет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, дүйнөлүк биринчилик 31-августтан 22-сентябрга чейин Колумбияда өтөт. Ага жалпысынан 24 курама команда катышуусу күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн Калыстар корпусунан бул турнирге Кыргызстандын гана өкүлдөрү дайындалды.
Вероника Бернацкая — FIFA`нын калысы, ал эми Рамина Цой — FIFA`нын калыс жардамчысы болуп эсептелет.

Бөлүшүү:
Next Post

22-июнга карата аба ырайы

Эртең, 22-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36, Ысык-Көл жергесинде […]

Сизге жагышы мүмкүн