Кыргызстандык калыстар дүйнө чемпионатын тейлешет

Автор

Ата мекендик Калыстар корпусунун өкүлдөрү Колумбияда өтүп жаткан U-20 кыз-келиндер Дүйнө Чемпионатында калыс болушат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган турнирди ФИФА калысы Вероника Бернацкая жана ФИФА калыс жардамчысы Рамина Цой тейлейт.
Турнирдин тайпалык баскычы 31-августта старт алды. Дүйнөлүк биринчиликке жалпысынан 24 курама катышып, ал 22-сентябрга чейин уланат.
Эскерте кетсек, Борбордук Азиянын калыстар корпусунан бул турнирге биздин өлкөнүн өкүлдөрү гана дайындалды

Бөлүшүү:
Next Post

3-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 3-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкө аймактарында жаан жаабайт. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: […]

Сизге жагышы мүмкүн