Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы Азербайжанда өткөн эл аралык турнирден алты медаль жеңип келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы боло турган Азия оюндарына жөө күлүктөрдү тандоо башталды.
Байге ээлери:
Рената Сон — күмүш;
Сабина Батаджиева — күмүш;
Екатерина Павленко — коло;
Шахзодбек Садыкжан уулу — коло;
Тимур Исаков — коло.
4х400 mix эстафетасынан күмүш медаль. Катышкандар: Рената Сон, Иван Курицын, Екатерина Павленко, Шахзодбек Садыкжан уулу.