Кыргызстандык спортчулар Венгрияда өтө турган жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, турнир 19-27-августта Будапештте өтөт.
Кыргызстандын курамасында жөө күлүктөр Тимур Исаков менен Гүлшанай Сатарова жарышка катышат. Спортчулар машыктыруучу Андрей Полубабкиндин жетекчилиги астында чыгышат.