Кыргызстандык дзюдочулар «Ташкент Гранд Шлем» мелдешине катышат

Автор

Кыргызстандык дзюдочулар Өзбекстанда өтө турган «Ташкент Гранд Шлем» мелдешине катышат.
Мелдеш 1-3 мартта өтөт. Ага Кыргызстандан 14 спортчу катышат. Эркек арасында турнирге Кубанычбек Айбек уулу (66 кг), Казыбек Чыныбеков (66 кг), Адам Бакытбек уулу (73 кг), Чынгызхан Сагыналиев (73 кг), Асад Масабиров (81 кг), Арсений Кладнов (81 кг), Эрлан Шеров (90 кг), Анарбек Ишенбаев (90 кг) и Эмирхан Жолдошказиев (+100 кг) барат.
Кыз-келиндер арасынан мелдешке Жанар Жолдошева (57 кг), Ажар Исаева (63 кг), Адина Көчкөнбаева (63 кг), Сауле Алмазова (70 кг) жана Шахида Нармухамедова (+78 кг) катышат.
Белгилей кетсек, «Гранд Шлем» мелдештери абройлуу турнирлердин катарына кирет. Бул мелдеште байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар дүйнө чемпионаты жана Олимпиада оюндарына катышуу үчүн рейтингдик упайларды ала алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөрү белгилүү болду

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди. Маалыматка ылайык, каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүргүзүлөт. «Негизги тестирлөөгө, ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн